Күрөк менен сабап... Сузакта үй-бүлөгө кол салууга шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

Шектелүүчү менен жабырлануучулардын ортосундагы чатак акчага байланыштуу болушу ыктымал
Sputnik

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тоноо максатында бир үй-бүлөгө кол салды деп шектелип 23 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, каргашалуу окуя өткөн жылдын 30-декабрында түнкү саат үчтөр чамасында болгон.

"Күмүш-Азиз айылынын 62 жаштагы тургунунун үйүнө белгисиз адамдар кирип, үй ээсинин 54 жаштагы аялы менен 16 жаштагы кызын мык суургуч жана күрөк менен сабаган. Үй ичинен баалуу буюмдарды издеп чачып, таба албаган соң качып кетишкен", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Натыйжада үй-бүлө мүчөлөрү оор жаракат алып, Сузак аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 3-январь күнү үйдүн кожоюну эсине келбеген бойдон көз жумган.

Бул окуя боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголду.

100 миң сом үчүн эне менен кызды өлтүрдү деп шектелгендер кармалды
"Сузак РИИБинин кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, алар шектүү адамды колго түшүрдү. Ал ошол эле райондун Кайрагач айылынын 23 жаштагы тургуну болуп чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле сурак маалында шектелүүчү менен жабырлануучулардын ортосундагы чатак акчага байланыштуу экени айтылган.

Мындан тышкары, шектелүүчү буга чейин ошол аймакта катталган төрт уурулукка катыштыгы бар экени далилденген.