Шавкат Мирзиёев дүйнөнү өзгөртө алган 10 лидердин катарына кирди

Мирзиёевдин президенттикке келгенден берки эң алгылыктуу иши коңшу өлкөлөр менен мамилесин жакшыртуусу болгону айтылды
Sputnik

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аймактагы жана өз өлкөсүндөгү кырдаалды өзгөртө алган 10 лидердин катарына кирди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Рейтингди Түркиядагы белгилүү ЖМКлардын бири болгон Derin Ekonomi басылмасынын саясий баяндамачылары түзгөн.

Адистердин айтымында, Мирзиёев президент болуп шайланган алгачкы күндөн тарта өз өлкөсүндө реформаларды жүргүзүп, укук коргоо органдарынын ишин жөнгө салып, диний эркиндикти ишке ашырып келе жатат.

"Өзбекстан жаңы президенттүү болгону эркин рынокко умтулуп, сырткы жана ички соодасы, валюта саясаты либералдашып калды. Албетте, бул чет элдик инвесторлорду кызыктырат", — деп айтылат макалада.

Мындан тышкары, анын президенттикке келгенден берки эң алгылыктуу иши коңшу өлкөлөр менен мамилесин жакшыртуусу болгону айтылды.