Кытайга жааган улуу кар 13 кишинин өмүрүн алып кетти

Кытайдын беш провинциясынан 200 киши коопсуз жайга көчүрүлсө, дагы 100үн алып чыгуу зарыл болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кытайда калың жааган кардан 13 киши көз жумганын РИА Новости жазды.

АКШдагы бороон-чапкын алты кишинин өмүрүн алды
Кырсык Аньхой провинциясында болгон. Буга чейинки маалыматында Синьхуа агенттиги Цзянсу жана Хубэй провинцияларында эки киши каза тапкандыгын жазган.

Катуу жааган кардан улам Кытайдын беш провинциясынан 200 киши коопсуз жайга көчүрүлсө, дагы 100үн алып чыгуу зарыл болууда. Мындан сырткары, ар кыл 200 имарат кулап, 400үнөн жарака кеткен. Аймактагы айыл чарбасы бир топ жабыркаган. Жалпы чыгым учурда 500 миллион юанга (5 млрд. 310 млн. сомго) бааланууда.

Жаратылыш апааты темир жол жана кара жолдорду да бузган.