Кытайда "Манас" эпосунун негизинде экинчи ирет опера коюлду

Операга Кытай мамлекеттик театрларынын 100дөн ашуун артисттери катышты
Sputnik

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кытай эл республикасында айтылуу манасчы Жусуп Мамайдын варианты менен жазылган "Манас" эпосунун негизинде кытай тилинде экинчи ирет опера коюлду. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

1 / 3
Кытай эл республикасында айтылуу манасчы Жусуп Мамайдын варианты менен жазылган "Манас" эпосунун негизинде кытай тилинде экинчи ирет опера коюлду
2 / 3
Опера Кытайдын Маданият министрлиги жана Опера институтунун колдоосу менен 4-5-январь күндөрү тартууланды
3 / 3
Операга эпостун "Манас" жана "Семетей" бөлүктөрү камтылды.

Опера Кытайдын Маданият министрлиги жана Опера институтунун колдоосу менен 4-5-январь күндөрү тартууланды.

"Сценарийди Кытайдагы белгилүү сценарист Ван Сяолин даярдаган. Спектаклге даярданууга жалпысынан эки жыл сарпталды. Ага Кытай мамлекеттик театрынын 100дөн ашуун артисттери катышты", — деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Операга эпостун "Манас" жана "Семетей" бөлүктөрү камтылды.

Кытай тилиндеги "Манас" операсынын Пекиндеги бет ачары биринчи жолу 2017-жылдын 30-сентябрында болгон.