Ошту кайрадан туман каптап учактар учпай калды

Аба ырайына байланыштуу аэропорт бүгүн экинчи жолу ишмердүүлүгүн токтотуп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Коюу тумандан улам "Ош" аэропорту убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" компаниясы билдирди.

Аэропорт аба ырайынан улам бүгүн буга чейин да ишин токтотууга аргасыз болгон.

Аба каттамдары тууралуу маалыматты "Ош" аэропортунан (03222) 9-01-01 телефону аркылуу тактоого болот.