Ош аэропорту тумандан улам убактылуу ишин токтотту

Аэропорт саат 9:00дөн тарта учактарды кабыл алган жок
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Эл аралык "Ош" аэропорту коюу тумандан улам убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Аэропорт саат 9:00дөн тарта учактарды кабыл алган жок жана эч бир учак учурган эмес.

Жүргүнчүлөр өз каттамдарын "Ош" аэропортунун сурамжылоо номери (03222) 9-01-01 аркылуу тактап алса болот.