ШИИБ: акылынан айныган жаран милициянын майорун бычактады

Милиция кызматкери тургундардын чакыруусу менен окуя болгон жерге барган
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Психдиспансерде каттоодо турган жаран милициянын майоруна бычак урганын шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Тирүүлөй жыныстык мүчөсүн кесип салган... Декабрдагы чуулуу 8 соттук чечим
Ага ылайык, 4-январда болжол менен саат 19:00дөр чамасында шаардык кичи райондун биринин тургундары милицияга чалып, бейтааныш кишилер үйдүн жер төлөсүнө кирип арак ичип, тынчтык бербей жатканын маалымдашкан.

Аталган дарек боюнча шаардык милициянын аймактык тескөөчүсү, милициянын майору, М.Н барган. Жер төлөнү текшерүү учурунда 51 жаштагы Ф.А. аттуу жаран кармалган. Ал аймактык милицияда жана психикалык ден соолук боюнча республикалык борбордо каттоодо турган.

"Түшүндүрүү учурунда кармалган жаран аймактык тескөөчүнү курсакка бычак менен сайып жиберген", — деп айтылат маалыматта.

Кийин ал Октябрь РИИБине алып келинген. Милиция кызматкери ооруканага жаткырылып, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Текшерүү аныктагандай кармалган жаран мас болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү киши убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.