БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Мындан сегиз жыл мурда эң түктүү өспүрүм катары Гиннестин рекорддор китебине катталган Супатра Сасупфан турмушка чыкты. Бул туурасында РИА Новости Metro гезитине шилтеме берип кабарлады.
Учурда бийкеч 17 жашта.
Таиландда жашаган Супатра Сасупфан Абрамс синдрому же гипертрихоз илдетинен жапа чегет. Кыздын бети-башы, колу-буттары өтө эле түктүү, анысы тез эле өсүп кетет. Орто кылымдан бери мындай ооруга чалдыккан 50гө чукул киши белгилүү.
Кыз буга чейин берген маектеринин биринде мектепте аны "түрү суук желмогуз" деп ардантышканын, бирок буга көңүл бурбаганга аракет кылганын айткан.
"Өзүмдү элден башкамын деп деле сезбейм. Мектепте досторум көп. Түктөрүм мени элден оолактатпайт деле", — деп айтып берген кыз.
Анын тааныштары Супатранын ачык жана шайыр экендигин айтышкан.