Бишкек — Ош жолунда кыйынчылык жаралса кимге чалуу керек? Номерлер

Министрлик унаа жолундагы карды күнү-түнү тазалоого даяр
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлиги Бишкек — Ош унаа жолунда кыйынчылык жаралып калса кайсы номерлерге чалууга болорун жарыялады.

Маалымат кызматынан билдиришкендей, министрлик жолдорду жана ашууларды күнү-түнү кардан тазалоого даяр туруу үчүн тийиштүү мекемелерди техника менен камсыздаган.

Жолду кардан тазалоо маселеси боюнча айдоочулар төмөнкү номерлер аркылуу кайрыла алышат:

0 557 700508 — Азимкан Ильясович Жусубалиев, транспорт жана жолдор министринин орун басары;

0 773 900725 — Арстанбек Абдылдабекович Ибраев, Жол чарба департаментинин директору;

0 551 332410 — Тыныбек Токторбаевич Кадырбаев — Бишкек — Ош мамлекеттик дирекциясынын директору.