Арменияда кыргызстандык кыз экинчи кабаттан кулап кетти

Кырсык 3-январда Ереванда болгон. Котормочунун жоктугунан полиция кыргызстандык кыз менен сүйлөшө алган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстандык кыз Еревандагы көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатынан кулап кеткенин Sputnik Армения агенттиги жазды.

3-январда жергиликтүү убакыт боюнча 05:30да (03:30 Бишкек убактысы) тез жардам кызматына Норк-Мараш аймагында кырсык болгону боюнча билдирүү түшкөн. Жабыркаган кыздын бели кокустап "Сурб Григор Лусаворич" медициналык борборуна алып келинген.

"Кырсык болгон жерге келген полиция жабыркаган аял Кыргызстандын 29 жаштагы тургуну экенин аныкташкан. Ал жашап жаткан үйүнүн экинчи кабатынан кулап кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Котормочунун жоктугунан полиция кыргызстандык кыз менен сүйлөшө алган эмес.