АКШдагы бороон-чапкын алты кишинин өмүрүн алды

Түндүк Каролина штатынын башкармалыгы дем алыш күндөрү абанын температурасы дагы төмөндөй турганын эскертти
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. АКШнын чыгыш жээктериндеги бороон-чапкындан кеминде эле алты киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги ABC телеканалына таянуу менен билдирди.

Бир жумага карата аба ырайынын божомолу
Ага ылайык, Түндүк Каролина штатында үч киши каза болсо, Түштүк Каролинада бир киши көз жумган. Түндүк Каролинанын губернатору Рой Купердин айтымында, бороондон улам бир топ жол кырсыктары дагы келип чыккан. Айрым аймактарга 30 сантиметрге чейин кар түшкөн.

Ал эми АКШдагы авиакомпаниялар акыркы эки күндө беш миңден ашык каттамды токтоткон.

Буга чейин Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо аймакка өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Жон Кеннеди атындагы эл аралык аэропорт калың кардан улам ишин токтоткон.

Түндүк Каролина штатынын башкармалыгы дем алыш күндөрү абанын температурасы дагы төмөндөй турганын эскертти.