Эсил кайран бир боорум! Бир жылда 238 кыргызстандык чет жактан ажал тапкан

Бөтөн жерде иштеп жүрүп каза болгондордун 91 пайызынын өлүмү Россия аймагында катталган
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Узаган 2017-жылы чет өлкөдөн Кыргызстандын 238 жаранынын сөөгү алып келинген. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бөтөн жерде иштеп жүрүп каза болгондордун 91 пайызынын өлүмү Россия аймагында катталган.

"2017-жылы 238 кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинди. Алардын 216сы Россияда, калган 22си ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдө көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ТИМдин расмий маалыматты боюнча чет жерде иштеген кыргызстандыктардын саны 700 миңге жетет. Россияда 630 миң, Казакстанда 35 миң, Түркияда 30 миң, Италияда 5,5 миң, Кореяда 5 миң, Германияда 5 миң, Бириккен Араб Эмирлигинде 3 миң, Улуу Британияда 2 миң кыргызстандык иштеп, окуп жүрөт.