Жума күнүнө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Жума күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бир жумага карата аба ырайынын божомолу
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Чүй, Таласта 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылыса, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 1…6 градус жылуу болору айтылды. Ысык-Көл жана Нарын облустарында —7…-12 градус нөлдөн төмөн болот.

Бишкек шаарында кар жаап, 2 градус суук болсо, Ошто 4 градус жылуу болот.