Ысык-Көл өнүктүрүү фонду Тоңдун администрациясына 1 млн. сомго эмерек сатып берет

30-декабрда жарыяланган тендердин мөөнөтү 8-январда аяктайт
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясы Тоң райондук администрациясынын залына жабдыктар менен эмеректерди сатып алуу үчүн тендер жарыялады.  

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, фонд жалпысынан 1 миллион 259 миң 100 сом сарптоого даяр. 

Тендер 30-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 8-январда саат 14:42де аяктайт.