Радио

Субанбеков: ТЭЦтен чыккан түтүндүн нормасын текшерүү зарыл

"Бир Бол" фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков аталган маселени тиешелүү органдар карап чыгышы керек деген ойдо
Sputnik
Субанбеков: ТЭЦтен чыккан түтүндүн нормасын текшерүү зарыл

ТЭЦтен чыккан түтүндүн нормасын текшерүү зарыл. Бул тууралуу Бакирдин Субанбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция маселени көзөмөлгө алуусу керек.

"Көпчүлүгүбүз шаарда жашайбыз. Эртең менен туруп карасаңар калаанын үстү капкара түтүн. Ошондуктан тийиштүү органдарга кайрылып, ТЭЦтен чыккан түтүндүн нормасын текшерсе болот да. Жакында эле "Чыгыш-5", "Аламүдүн 1" кичи райондорунун тургундары кайрылып, жайылган кийимдери капкара болуп жатканын айтышты", — деди Субанбеков.

Ал Кара-Балтадагы заводдон дагы кара түтүн чыгып, экологияга терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.