БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Беловодское айылында эне менен кызды өлтүрдү деп дагы үч киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 1-январга караган түнү кылмышкерлер 100 миң сом үчүн эки аялды өлтүрүп, бир эркек кишини жабыркаткан. Аталган факты боюнча милиция "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, үч киши колго түшкөн.
"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектүү катары дагы үч киши кармалды. Алар Чүй жана Бишкек шаарынын 20, 31 жана 33 жаштагы жарандары болуп чыкты", — деп айтылат маалыматта.
Учурда иликтөө иштери уланууда.