Россиядагы өрт: каза болгон он адамдын экөө кыргызстандык болушу мүмкүн. Видео

Каза тапкан эки кыргызстандык тууралуу маалыматты Россиядагы кыргыз элчилиги тактап жатат
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Россиянын Новосибирск облусунда чыккан өрттөн 10 адам каза болду, алардын экөө кыргызстандык. Бул тууралуу ыкчам кызмат органдарына таянып РИА Новости агенттиги жазды.

Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондордун жетөө Кытайдын, экөө Кыргызстандын, бирөө Россиянын жарандары.

Чернореченский айылында бут кийим сактоочу кампадан чыккан өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына саат 9.00дө (жергиликтүү убакыт) түшкөн.

"Эки миң чарчы метрди кулачына алган өрт өчүрүлдү. Учурда жеринде куткаруучулар жана тергөөчүлөр иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Учурда электр зымдарынын тийишип калышы өрттүн келип чыгышына себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.

Каза тапкан эки кыргызстандык тууралуу маалыматты Россиядагы кыргыз элчилиги тактап жатат.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынын 90 адам, 26 техника тартылган.