Радио

Баймуратов: жол полициясы түзүлсө Ош — Бишкек жолундагы тыгын жоюлмак

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Калдарбек Баймуратов тыгын көйгөйү көп жылдан бери чечилбей жатканын айтты
Sputnik
Баймуратов: жол полициясы түзүлсө Ош — Бишкек жолундагы тыгын жоюлмак

Жол полициясы түзүлсө Ош — Бишкек жолундагы тыгын жоюлмак. Бул тууралуу Калдарбек Баймуратов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда айтты.

Анын айтымында, жолдо ташталган чиркегичтер айдоочуларга кыйынчылык жаратууда.

"29-декабрь күнү жолго чыгып, Бишкек — Ош унаа жолунда 24 саат туруп калдык. Бул көйгөй көп жылдан бери эле болуп жатат. Жүк ташуучу унаалар туурасынан туруп калып, жол тыгын пайда кылышууда. Милиция болсо жетишпейт. Жол полициясын түзүү керек. Ошондо алар жолдорду тазалап турмак да", — деди Баймуратов.

Эл өкүлү алдыда дагы кар көп жаай тургандыгын айтып, камдануу керектигин кошумчалады.