Окумуштуулар кандай кыздар эркектерге көбүрөк жагарын айтышты

Окумуштуулар өтө эле узун чачтуу кыздарга караганда, кыска чачтуулар жагымдуу келерин белгилешкен
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. АКШнын Миннесота штатындагы Аугсбург университетинин окмуштуулары эркектерге кара чачтуу кыздарга караганда сары чачтуулар көбүрөөк жагарын аныкташты. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды. 

Окумуштуулар дене тарбия көнүгүүлөрүсүз арыктоонун жолун табышты
Изилдөөгө жалпысынан 110 эркек катышкан. Аларга түрлүү чачтуу ары карап турган кыздардын сүрөттөрүн көрсөтүшкөн. Эксперименттин жыйынтыгында эркектердин дээрлик бардыгы сары чачтуу кыздарды тандап, алар жаш жана жагымдуу көрүнөрүн айтышкан. 

Бирок сөз үй-бүлө жөнүндө козголгондо эркектер эмнегедир кара чачтуу кыздарды тандашкан. Алардын айтымында, сары чачтуулар бир аз жеңил ойлуу болгондуктан бекем үй-бүлө куруу кыйынырак. 

Мындан сырткары, окумуштуулар өтө эле узун чачтуу кыздарга караганда, кыска чачтуулар жагымдуу келерин аныкташты.