Нью-Йоркто кыргыз улуттук бийин аткарган топ пайда болду.
Бул тууралуу "Кыргыздар Америкада | Даткайым бий тобу" аттуу кыска метраждуу даректүү тасмадан кийин белгилүү болду. Роликти тасманын автору Эламан Асылбеков YouTube баракчасына жүктөгөн.
"Нью-Йоркто түптөлгөн "Даткайым" бий тобундагы үч кыргызстандык кыздын көз караштары, кызыгуулары ар башка. Алар чет өлкөдө жүрүшсө да кыргыздын салтын, үрп-адатын сактоого күч жумшап келишет. Биздин сулууларга ийгилик каалап өтөлү!" — деп тасманын алдына жазылган.
"Даткайым" тобу алгачкы ирет эл алдына Волл стритте өткөн Нооруз майрамында чыккан. Эми алар БУУ алдында өтүп келген Кыргызстандан бала багып алган америкалык үй-бүлөлөрдү чогулткан кечелерде өнөрлөрүн тартуулап келишет.
Бийчилер ал жакка жыл сайын барып, улуттук тамак-аштарды жасоо менен балдарга кара жорго бийин үйрөтүшөт.