Россия менен Кытайдын чек арасында муз дубалы пайда болду. Видео

Дубалдын узундугу 15 чакырым ал эми бийиктиги 20 метрге чейин жетет
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Россия менен Кытайдын чек арасында укмуштуудай муз дубалы пайда болду. Аны "Игра престолов" сериалындагы курулшка окшоштуруп жатышканын Sputnik Белоруссия жазып чыкты.

Бирок анын жаралышына адамдар катышкан эмес. Адистердин айтымында, катуу шамал кардын топтолушуна алып келген. Натыйжада, бийиктиги ондогон метрге жеткен дубал жаралган. Анын узундугу Ханка көлүнөн Хэйлунцзян провинциясына чейин (ондогон чакырым) созулат.

Дубалдын бийиктиги 4-5 метрден 20 метрге чейин жетет.

Приморский край метеорологиялык станциясынын берген маалыматы боюнча мындай дубал жыл сайын эле пайда болбо бербейт. Анткени феномен жаралышы үчүн суук жана шамалдуу аба ырайы сакталып турушу шарт.