Кыргызстандык кыздар кайсы кесипти аркалагысы келет. Статистика

Кыздар дагы, жигиттер дагы бирдей ашыккан кесип — тамак-аш технологу
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстанда кыз-келиндер көбүнчө кайсы кесипти аркалагысы келгендигин Улуттук статистика комитети аныктап чыкты.

Кыргызстанда кайсы тармакта ишкердик кылуу кирешелүү. Рейтинг
Ведомствонун маалыматына караганда, "Кеңири колдонулган товарлардын технологиясы" группасында жигиттер өтө аз кезигет. Ал жакта окугандардын үч пайызы гана эркектер.

Ошондой эле эркектер педагог болгусу келбейт, бул кесипте эркектер студенттердин 10 пайызын түзсө, медициналык ЖОЖдо ар бир бешинчи студент эркек.

Ал эми кыздар аз кезиккен кесиптерге машина куруучулук жана металл иштетүү кирет.

Кыздар дагы, жигиттер дагы бирдей ашыккан кесип — тамак-аш технологу.