Көчмөндөр оюнунун жаңы промо-ролиги чыкты

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы алдыда боло турган этноспорттук иш-чарага арналган видеону жарыялады
Sputnik

Роликте тоолор, капчыгайлар, Ысык-Көл чагылдырылган. Ажайып табияттын фонунда жаа атуу, күрөш, эр эңиш сыяктуу оюндар көрсөтүлөт. Ролик оюндар улутуна жана социалдык статусуна карабай бардык кыргызстандыктардын башын бириктирерин ачыктап турат.

Видеого текст англис тилинде жазылган. Жакын арада кыргыз жана орус тилдегиси чыкмакчы.