БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Американын азыркы президенти Дональд Трамптын кызы Иванка өлкөнүн тарыхында биринчи аял президент болууну каалайт. Бул тууралуу журналист Майкл Вулффтун "Огонь и ярость: в Белом доме Трампа" деген китебинде жазылганын РИА Новости агенттиги New York Magazine басылмасына таянуу менен билдирди.
Китепте жазылгандай Иванка күйөөсү Жаред Кушнер (Кушнер Дональд Трамптын кеңешчиси — ред.) менен президенттик администрациянын курамына келечекте президент болуп калам деген ниет менен кирген.
"Жуптар өз ара сүйлөшүп, эгер кийин мүмкүнчүлүк болуп калса, Иванка президенттикке ат салышат деп макулдашышкан" деп Вулфф өз китебинде баса белгилеген. Ошондой эле "биринчи аял президент Хиллари Клинтон эмес, Иванка Трамп болот" деп жазылган.
Буга чейин Ак үй Вулффтун жарыкка чыга элек китебинде айтылган Дональд Трамптын АКШ президенти болом деп эч ойлобогону жана жубайы Меланьянын биринчи айым болорун билгенде шок болгону калп экенин билдирген.
Журналист Майкл Вулффтун китеби 9-январдан тарта сатыкка чыгат.