Акрамов Эрнст Хашимович — өмүр баяны

Эрнст Акрамов 1936-жылы 24-июнда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Кыргыз медициналык институтун аяктаган. Гимнастика спорту боюнча республиканын бир нече жолку чемпиону, гимнастика боюнча Кыргыз ССР курама командасынын мүчөсү.
Sputnik

Кыргыз, орус, өзбек, уйгур жана англис тилдерин билет.

Эмгек жолу:

1964-1967 — Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ыкчам хирургия кафедрасынын аспиранты;

1971-1975 — Республикалык клиникалык оорукананын көкүрөк хирургия бөлүмүндө ординатор, №2 шаардык клиникалык оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы;

1975-1980 — ассистент, кыргыз медициналык институтунун госпиталдык хирургия кафедрасынын доценти;

1981-1992 — Республикалык клиникалык оорукананын жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы;

1989-1992 — СССР эл депутаты;

1992-жылдан азыркыга чейин Чүй облустук биргелешкен ооруканасынын жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы;

1998 — пикирлештери менен "Менин өлкөм" партиясын негиздеген;

2000 — Жогорку Кеңештин депутаты болуп, бирок мандаттан баш тарткан;

2002-жылдан азыркыга чейин КР Саламаттык сактоо министрлигинин реконструкция-калыбына келтирүү хирургиясы илимий борборунун директору;

2003-жылдан азыркыга чейин Кыргызстан-Россия Славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору;

Адамды ажал оозунан сууруп алган кыргызстандык 10 дарыгер
2007 — Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болуп келген. Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары комитетинин мүчөсү болгон. Депутаттык менен дарылоо иштерин чогуу алып барган.

Эрнст Акрамов бир катар сыйлыктарга татыган. Мустафа Кемалдын атындагы илим жана маданият эл аралык кайрымдуулук фондусунун алтын медалы, "Мээрим" энени жана баланы коргоо эл аралык кайрымдуулук фондунун "Чародей скальпеля" сыйлыгы, "Данакер" ордени, дүйнө медицинасына кошкон салымы үчүн Россиянын коомдук сыйлыктар боюнча улуттук комитетинин Н.Пироговдун ордени, Кыргызстандын баатыры, Эл достугу университетинин ардактуу профессору.