Бишкектин чок ортосунда эки машина кагышты. Жеринен алынган сүрөттөр

Жол кырсыгы Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде болгон
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын чок ортосунда эки автоунаа кагышканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

1 / 3
Бишкек шаарынын чок ортосунда эки автоунаа кагышканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди
2 / 3
Hyundai үлгүсүндөгү автоунаа Абдрахманов көчөсү менен түштүк тарапты көздөй, Ford машинасы Чүй проспектиси менен батышты көздөй бараткан. Алар жол чырагы күйүп-өчүп жатканда кагышты
3 / 3
Алдын ала маалымат боюнча эки айдоочу тең соо болгон, эч ким олуттуу жаракат алган эмес.

Анын айтымында, окуя 4-январда түнкү саат 1:20лар чамасында болгон.

"Hyundai үлгүсүндөгү автоунаа Абдрахманов көчөсү менен түштүк тарапты көздөй, Ford машинасы Чүй проспектиси менен батышты көздөй бараткан. Алар жол чырагы күйүп-өчүп жатканда кагышты", — деди күбө.

Алдын ала маалымат боюнча эки айдоочу тең соо болгон, эч ким олуттуу жаракат алган эмес.

Шаардык милиция жол кырсыгы болгонун тастыктап, тергөө жүрүп жатканын кошумчалады.