БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Жыл жаңырар алдында Бишкек — Ош жолунда болгон ири жол тыгынына негизинен айдоочулардын шалаакылыгы жана маданиятсыздыгы себеп болду деген пикирин бүгүн өкмөт башчысы Сапар Исаковдун кабыл алуусунда болгон ө-згөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
"Тоолуу жол тилкелериндеги тыгындардын негизги себеби айрым жүк ташуучу унаа айдоочуларынын кышка даярдык көрбөгөндүгү, башкача айтканда, кышкы дөңгөлөк, чынжыр жана зым аркандардын жоктугу, ошондой эле айдоочулардын маданиятынын төмөндүгү себеп болгон", — деди Боронов.
Жолугушуунун жүрүшүндө катуу жааган жаан-чачындын кесепеттерин жоюу, ошондой эле республиканын негизги унаа жолдорун тазалоо боюнча чаралар талкууланды.
Эске салсак, декабрь айынын акыркы бир нече күнүндө Бишкек — Ош унаа жолунда 30-40 чакырымга жеткен унаа тыгыны болуп, "Сосновка" посту бир нече жолу жабылган.