Ат-Башы: 3-класстын окуучусу президенттен белек алды

Нурмухамеддин үй-бүлөсү баланын көңүлүн эске алган президентке ыраазычылык билдирди
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тогуз жаштагы тургуну Нурмухаммед Дүйшөнбек уулу президент Сооронбай Жээнбековдон жаңы жылдык белек алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.

1 / 3
Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тогуз жаштагы тургуну Нурмухаммед Дүйшөнбек уулу президент Сооронбай Жээнбековдон жаңы жылдык белек алды
2 / 3
Маалыматка караганда, 3-класстын окуучусу Жээнбековду президенттик кызматка келиши менен куттуктап, жаңы жылда велосипед жана телефондуу болгусу келерин жазган
3 / 3
Катка жооп катары өлкө башчы телефон жана таттууларды салып жиберген. Белектерди өкмөттүн Нарын обоусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жеткирип, окуучуга тапшырды.

Маалыматка караганда, 3-класстын окуучусу Жээнбековду президенттик кызматка келиши менен куттуктап, жаңы жылда велосипед жана телефондуу болгусу келерин жазган.

"Катты Нурмухаммеддин апасы Жылдыз Жумакадырова Нарын шаарынан почта аркылуу 14-декабрда борборго салып жиберген экен", — деп айтылат билдирүүдө.

Катка жооп катары өлкө башчы телефон жана таттууларды салып жиберген. Белектерди өкмөттүн Нарын обоусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жеткирип, окуучуга тапшырды.

Нурмухамеддин үй-бүлөсү баланын көңүлүн эске алган президентке ыраазычылык билдирди.