АКШда борошолоп жааган кардан улам 20 машина кагышты. Видео

Жол кырсыгынан бир киши каза болуп дагы бирөөсү оор абалда ооруканада
Sputnik

Американын Баффало шаарына жакын жерде борошолоп жааган кардан улам 20 машина кагышканын РИА Новости агенттиги билдирди.

Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга жайылып кеткен.

Видеодон көрүнгөндөй машиналар бири-бирине келип урунган. Кырсык болгон жерден полиция менен тез жардам кызматынын автоунааларын көрүүгө болот.

Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, жол кырсыгы начар аба ырайынан улам болгон. Анын кесепетинен бир киши каза болуп, бирөөсү оор абалда ооруканада.