Радио

Зулпукаров: аэропорттун ишмердүүлүгүн текшерип чыгуу керек

КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров башкы аэропорт аба ырайына жараша камылга көрбөй жатканын айтты
Sputnik
Зулпукаров: аэропорттун ишмердүүлүгүн текшерип чыгуу керек

"Манас" аэропортунун ишмердүүлүгүн текшерип чыгуу керек. Бул тууралуу депутат Төрөбай Зулпукаров парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, башкы аэропорт аба ырайына жараша камылга көрбөй жатат.

"Бишкек — Ош унаа жолундагы тыгын көйгөйү туура эмес маалымат тараткандыктан дагы болуп жатат. Анткени жол ачык, тыгын жок деген маалыматтан улам жүргүнчүлөр жолго чыгып алышты. Аэропортто да аба ырайынан улам көйгөй жаралат экен. Аба ырайын эрте эле билсе болот го. Ошого жараша камылга көрүш керек да", — деди Зулпукаров.

Депутат аэропорттогу абалды жана тейлөөнүн сапатын карап чыгуу керектигин кошумчалады.