Түркмөнстанда кара түстөгү автоунааларды айдоого тыюу салынды

Ашхабадда кара түстөгү автоунаалар айып короого киргизилүүдө
Sputnik

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Жаңырган жылдын 1-январынан тарта Түркмөнстанда кара түстөгү автоунааларды айдоого тыюу салынды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги түрмөнстандык ЖМКларга таянуу менен жазып чыкты. 

Астананын акими аткаминерлерди кызматтык унаадан таксиге отургузмай болду
Өлкөгө кара түстөгү автоунааларды алып кирүүгө 2015-жылы эле тыюу салынган. Эми Ашхабаддын көчөлөрү менен унаа токтотуучу жайлардагы кара түстөгү машиналар атайын айып короого киргизилип, ээсине “башка өңгө боётом” деген тил каттын негизинде гана кайтарылат.

Өлкө бийлигинин мындай кадамынан улам машиналарды сырдоо эки эсе кымбаттап, баасы 1000 долларга чейин жетти.

Басылманын жазышынча расмий бийлик эмне үчүн мындай талап киргизилгенине түшүндүрмө берген эмес. Болгону ак түстөгү машиналар ийгилик алып келерин айтышкан. 

Белгилей кетсек, өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов ак түстү жакшы көрөт.