Ким Чен Ын Түштүк Корея менен "тынымсыз байланыш" ачууну буюрду

Түндүк Кореянын лидери 1-январда элге болгон кайрылуусу учурунда өлкөнүн спортчулары кышкы олимпиадага катышуусу мүмкүндүгүн айткан
Sputnik

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Корея менен көп убакыттан бери иштебей турган "тынымсыз байланышты" ачууга буйрук берди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги эки Кореянын иштери боюнча башкармалыктын жетекчисине таянуу менен билдирди.

Россия спортчулары 2018-жылкы Олимпиадада өз желеги менен чыга албай калды
Ренхап агенттигинин жазышынча, байланыш Москва убактысы боюнча 9:30дан (12.30 БШК) тарта иштеп баштайт. Бул кадамдын аркасы менен Түндүк Корея өз оюнчуларын Пхенчханда боло турчу кышкы олимпиада оюндарына катыштыруу маселесин талкуулайт. 

Шейшемби күнү Түштүк Кореянын Кошулуу иштери боюнча министри Чо Мён Гюн Түндүк Кореянын оюнчуларын Пхенчандагы олимпиада оюндарына катыштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштаган. Жолугушуу демилитаризацияланган аймактагы Пханмундж пунктунда болорун айткан. 

Түндүк Корея бул сунушка бир суткадан кийин гана жооп кылып "тынымсыз байланыш" ачыларын билдирген.

Ким Чен Ын 1-январда элге болгон кайрылуусу учурунда өлкөнүн спортчулары кышкы олимпиадага катышуусу мүмкүндүгүн айткан.