БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Сирияда Россиянын Ми-24 үлгүсүндөгү тик учагы кырсыктап, эки учкуч каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип жазып чыкты.
Кырсык 31-декабрда болгону менен ведомство окуя тууралуу шаршемби күнү маалымдады.
"31-декабрь күнү техникалык көйгөйлөрдөн улам Хама аэродромуна бара жаткан Россиянын Ми-24 тик учагы жерге кулады", — деп айтылат маалыматта.
Ведомстводон кабарлашкандай, тик учак аэродромдон 15 чакырым алыс жерде кырсыктаган. Анын кесепетинен эки учкуч каза болуп, борт техник оор жаракат алып ооруканага жеткирилген.
Ошондой эле тик учакка жерден ок чыгаруу болбогону маалыматта кошумчаланат.