БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кытайда 18 саат тынбай иштеген дарыгер аял Чжао Бянсян өлүп калганын Asia One басылмасы жазып чыкты.
Каргаша Шанси провинциясында болгон. 29-декабрда 43 жаштагы дарыгер бейтаптарды карап жүрүп жыгылып калган. Дарыгер аялды кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырышканы менен кийинки күнү каза болгон.
Ал мээсине кан тамып каза тапкан.
Кесиптештери Бянсянды эмгекчил, өзүнүн ишин мыкты билген адис катары эстешет.