Бейшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет
Sputnik

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Бейшемби күнү, 4-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан карга айланып, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Эми кар качан жаайт? ӨКМдин маалыматы
Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жолдор тоңголок жана тайгак болорун ӨКМ эскертет.