БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Эки жума мурда кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөргөн Алматыдагы Zakova Bar түнкү клубу жабылганын Instagram жылдызы Айжан Байзакова билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.
Ал Instagram баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, конкурстун видеосун интернетке таратып жибергендерди "саткындар" деп атаган.
"Биз менен чогуу эс алып, көңүл ачып андан кийин видеону интернетке таратып жиберген эркектердин арты менен бар жабылып калды. Аларды "келемиштер" деп гана атоого болот", — деген Байзакова.
Сынактын эрежеси боюнча 50 миң теңгелик байге дырдай жылаңач чечинген кызга берилмек. Кеченин видеосу социалдык тармактарга тараган. Анда жылаңачтанган кыздарды көрүүгө болот. Ал эми алып баруучу башка кыздарды дагы сынакка катышууга чакырган.