Кемин районунун Тар-Суу айылынын тургундары 2013-жылы "Шумкар-Төр" коомдук бирикмесин түзгөн. Алар эч бир жерден айлык албастан, өз чөнтөгүнөн акча чыгарып жаныбарларды коргоп келет.
Аталган коомдук бирикменин мүчөсү Урмат Абыкановдун айтымында, аңчылык кылып колго түшкөндөр менен соттошкон учурлар болгон.
"2013-жылы жапайы жаныбарларды санаганда 40ка жакын эле элик болуп, башка жаныбарларды каттай алган эмеспиз. Быйыл күздө жүргүзүлгөн санакта бугудан 32 баш, эликтен 200гө жакынын каттаганбыз. Андан башка каман, майда жандыктар, канаттуулар көбөйүп калганы байкалат. Албетте, ишибизде кыйынчылыктар болбой койгон жок. Мыйзамсыз аңчылык кылып колго түшкөндөр менен соттошкон учурлар да болду", — деди Абыканов.
Туулуп-өскөн жерин сүйгөн элеттиктер күн алыс тоо аралап, жаныбарларды коруп келет. Эгер мыйзамсыз аңчылык кылгандар колго түшсө, укук коргоо органдарына өткөрүп беришет. Бирикме Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу мамлекеттик департаменти, "Пантера" коомдук фондусу жана "Чоң-Кемин" улуттук жаратылыш паркы менен тыгыз иштешет.