Японияда токочко какап эки киши каза болду

Мындай көрүнүштөр жыл сайын болгондуктан, жергиликтүү бийлик элге, өзгөчө балдар менен карыяларга сак болууну сунуштайт
Sputnik

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Японияда жаңы жылда салттуу түрдө күрүч унунан даярдалчу чоюлчаак "Моти" токочуна какап, эки адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү куткаруу кызматына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Жети кишинин өлүмү, эки кол салуу. Бишкекте жаңы жылдык түн кандай өттү
Маалыматка караганда, жалпысынан жети адам жабыркап, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бирок алардын ичинен экөөнү сактап калууга дарыгерлердин алы жеткен жок.

Мындай көрүнүштөр жыл сайын болгондуктан, жергиликтүү бийлик элге, өзгөчө балдар менен карыяларга сак болууну сунуштайт. 

"Мотини" япондор күрүч унунан даярдашат. Анын камыры өтө чоюлчак болгондуктан, майда туурап алып, көпкө чейин чайнап анан гана жутуу зарыл.