БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. АКШнын Коннектикут штатында эмчек рагынан жабыркаган Хезер Линси өлөөрүнө саналуу сааттар калганда турмушка чыкканын Sun басылмасына таянып РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Девид Мошер сүйлөшкөн кызы Хезерге 2016-жылдын декабрында баш кошууну сунуштаган. Дарыгерлер кызга эмчек рагы деген диагноз койгондо да жигит айтканынан кайткан эмес.
Хезер бир жыл бою оору менен алышып, 2017-жылдын аягында турмушка чыккан. Бирок 18 сааттан кийин, 22-декабрь күнү ооруканада көз жумган.
Келиндин курбусу Хезерге сүйүү аябагандай дем бергенин белгиледи.