100 миң сом үчүн эне менен кызды өлтүрдү деп шектелгендер кармалды

Бул кандуу окуяга шектүү делген үч жаран учурда суракта
Sputnik

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Беловодское айылындагы адам өлтүрүү фактысына шектелгендер бүгүн, 2-январь күнү кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Чүйдүн Беловодское айылында өз үйүнөн эки аял киши колдуу болуп, дагы бир эркек киши жабыркаган. Кылмышкерлер бул үйдө 100 миң сом бар деген маалымат алышкан. 

"Шейшемби күнү эртең менен милиция кызматкерлери шектелүүчү катары үч адамды колго түшүрдү. Алар — 19 жаштагы П.Н., 23 жаштагы К.В. жана 20 жаштагы Д.Е. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда шектелгендер сурак берип жатат.