Шейшембиге карата аба ырайы

Жолдор тайгалак болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Шейшемби күнү Чүй жана Талас өрөөндөрүнө туман түшүп, калган аймактарда күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдор тайгалак болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Чүйдө 1…6 градус жылуу болсо, Таласта 2…7 градус жылуу болору күтүлүп жатат. Ош, Жалал-Абад облустарында күндүн табы 5…10 градуска чейин көтөрүлсө, Баткенде 6…11 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө абанын температурасы 0…5 градуска чейин жогоруласа, Нарында 7…12 градус суук болот.

Бишкек шаарында 3…5, ал эми Ош калаасында 8…10 градус жылуу болору айтылды.