Ааламга жол айылдан башталат! Өлкөдө балдар комедиясы тартылды

Тасма 4-январдан тарта Бишкек шаарынын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу "Айыл кэмп" аттуу балдар кинокомедиясы тартылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине тасманын режиссеру Жеңиш Майрамбек уулу кабарлады.

Анын айтымында, тасма 4-январдан тарта Бишкек шаарынын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.

"Ойлоп көрсөк Кыргызстанда көптөн бери балдар комедиясы тартылбаптыр. Мындан улам шаардык жаш балдарды айылга бир аз болсо да жакындатып, ал жактын жашоосун көрсөтөлү деген максатта бул тасманы жараттык. Фильмде шаарда өскөн балдар үчүн айыл жергесинде ачылган лагердеги кызыктуу окуялар баяндалган", — деди тасманын режиссеру.

"Айыл кэмп" тасмасы Жеңиш Майрамбек уулунун режиссер катары тарткан алгачкы фильми. Буга чейин ал "Биртууганчики", "Напарники", "Апамды издеп" тасмаларына актер катары тартылып келген.

Кинодо Жеңиш Майрамбек уулу, Эркин Нурбаев, Эмил Эсеналиев, Болот Тентимишов жана Шайыр Касымалиева сыяктуу актерлор жана шаардагы орто мектептердин окуучулары роль жаратышкан.