БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Канаданын Квебек шаарындагы мечитте атышуу болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Алдын ала маалыматтар боюнча үч куралчан адам кечки намаз учурунда (Бишкек убактысы боюнча 07:00) ок чыгарган. Ал учурда мечитте 40ка чукул адам болгон.
Окуядан кеминде беш адам каза болду. Huffington Post Quebec гезити учурда полиция аймакты курчоого алып, эки адам кармалгандыгын кабарлады.