"Ламбаданын" аткаруучусу өрттөн каза болду

© AP Photo / Wilfredo LeeПевица Лоалва Браз
Певица Лоалва Браз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бразилиялык өрт өчүрүүчүлөргө Рио-де-Жанейро штатында унаа күйүп жатат деген билдирүү түшкөн. Машинадан ырчынын сөөгү гана чыкты.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. "Ламбада" ыры менен 1980-жылдары атактуу болгон ырчы Лоалва Браз 64 жашында кырсыктап каза болгонун РИА Новости Globo телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Бишкектин 7-кичи районундагы өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айттырбай келген тилсиз жоо. 66 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыктары
Маалыматка ылайык, бразилиялык өрт өчүрүүчүлөргө Рио-де-Жанейро штатында унаа күйүп жатат деген билдирүү түшкөн. Машинадан ырчынын күйүп калган денесин гана алып чыгууга мүмкүн болгон. 

Өрттөн унаанын жанындагы турак үй да жабыркаган. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.

Лоалва Браз франциялык Kaoma тобунун солисти болгон. "Ламбада" ыры убагында 80 алтын жана платина дисктерине ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0