БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Тажикстандын президентин тосуп алуу учурунда телефондон сүйлөшкөн Индиянын полиция кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Sputnik Тажикистан агенттиги The Indian Express гезитине таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, полиция кызматкери Канвар Пал тажик президенти Эмомали Рахмон келе турган жолдо коопсуздукту көзөмөлдөп турган.
"Кызмат өтөп жаткан учурунда полиция кызматкери телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалым болду. Башка кызматкерлер аны дароо токтотуп калууга жетишти. Ал аялы менен сүйлөшүп жаткан экен", — деп жазылат маалыматта.
Эмомали Рахмон 16-декабрь күнү жумушчу сапары менен Индияга барып, өлкө башчысы менен жолуккан.