Индонезиядагы зилзаладан 620 адам жабыркады

© REUTERS / Antara Foto/ Irwansyah Putra/ via Последствия землетрясение в северной провинции Ачех Индонезии
Последствия землетрясение в северной провинции Ачех Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция менен куткаруучулар кырсыктан тынч жайларды көздөй качкандардын саны 7,4 адамга жетти деп билдирди.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Индонезиянын Ачех провинциясында магнитудасы 6,5 жеткен жер силкинүүнүн кесепетинен жабыркагандардын саны 620 кишиге жетти. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Полиция менен куткаруучулар кырсыктан тынч жайларды көздөй качкандардын саны 7,4 миң адамга жетти деп билдирди.

Буга чейин жаратылыш кырсыгын жоюу боюнча улуттук башкармалыктын башчысы Виллем Рампангилей каза болгондордун саны 97 адамга жеткендигин жана жарадарлардын саны 536га жеткендигин айткан. 

Последствия землетрясение в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев зилзаладан улам Индонезия башчысы менен элине көңүл айтты
Алдын ала маалыматтарга караганда, качкындарды жайгаштыруу боюнча борборго 7,4 миң адам топтолгондугун Detik.com агенттиги кабарлады. Менасах айлындагы башкы мечитке эле 3000 миңге чукул киши баш калкалаган. 

Маалыматтарда мынча сандагы элдин баары үй-жайынан ажырабагандыгын, алар улам-улам кайталанган жердин термелүүсүнөн коркуп, дүрбөлөңгө түшүп качкандыгы айтылууда. Кыйраткыч жер титирөө болуп өткөндөн кийин, бир сутка ичинде эле магнитудасы 5ке жеткен 100гө жакын майда термелүүлөр болгон. 

Кыйраган үйлөр менен имараттардын урандысынан элди издөөгө 2000ге чукул полиция кызматкерлери менен башка аймактардан жоокерлер тартылды. 

Шаршемби күнү Индонезиянын Пидиджай районунун жээгиндеги магнитудасы 6,5ке жеткен жер титирөө болуп, турак-жайлар урап, адам өмүрүнө забын келтирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0