БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин телефон аркылуу АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен сүйлөшкөнүн Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
"Сүйлөшүү эки тараптын ынтызарлыгы менен болду. Россия президенти Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, программасынын ишке ашуусун каалады. Мындан тышкары, жаңы администрация менен тең укуктуулук, сый мамиленин шартында өнөктөштүк алакасын түзүүгө ниетин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Путин менен Трамп телефондон байланышып турууга, ал эми кийинчерээк жолугушууга макулдашышты.
Буга чейин Трамп Wall Street Journal журналына маек берип жатып, Путинден "укмуштуу" кат алганын айткан. Ал эми Россия президентинин маалымат кызматы Дмитрий Песковдун айтымында, катта Трампты жеңиши менен куттуктаган сөздөр камтылган болчу.