Түркияда автоунаа жардырылып, бир полиция каза болду

© AP Photo/Emre TazegulКарета скорой помощи в Турции
Карета скорой помощи в Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зооттолгон полициянын автоунаасы жарылуучу зат салынган машинанын жанынан өтүп баратканда жардыруу болгон.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Түркиянын чыгышындагы Бингөл провинциясындагы Генч аймагында жардыруучу зат салынган автоунаа жарылып, бир полиция каза болуп, 16 киши түрдүү жаракаттарды алганын Анадолу агенттиги билдирди. 

Түркиянын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түрк армиясы Сириядагы "Ислам мамлекетинин" 64 объектисин талкалады
Зооттолгон полициянын автоунаасы жарылуучу зат салынган машинанын жанынан өтүп баратканда жардыруу болгон. Аны уюштурууга Түркияда тыюу салынган Күрд жумушчу партиясы шектелүүдө. Окуя болгон аймакта аларды жок кылуу боюнча аракеттер көрүлүүдө.

2015-жылдын июль айынан бери Күрд жумушчу партиясынын көтөрүлүшчүлөрүнө карата болгон аракеттерден улам 700дөн ашык аскер менен полиция каза болгонун РИА Новости жазат https://ria.ru/world/20161023/1479807216.html. Түркиянын Башкы штабы бул убакыт аралыгында тыюу салынган уюмдун 7 миңдей өкүлү жок кылынганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0