Түркия аскерлери Сирияда "Ислам мамлекетинин" 18 согушкерин жок кылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСирия, архивдик сүрөт
Сирия, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекети" террордук тобунун ракета учурган 75 куралын да жок кылган.

Бишкек, 5-окт. — Sputnik. Түркия аскерлери "Евфрат калканы" операциясы учурунда Сириянын түндүгүндө 18 террорчуну жок кылып, өзүнүн бир кызматкеринен ажырады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Аталган операция учурунда дагы үч аскер кызматкери жарадар болгондугун Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.

Сириядагы кыйраган үйлөр - Sputnik Кыргызстан
Сириядагы үйлөнүү тойдо жасалган теракт 22 адамдын өмүрүн алды
Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматына караганда, "Ислам мамлекети" террордук тобунун ракета учурган 75 куралын 275 ирет атып жок кылган. Андан тышкары курал сактаган үч имаратын талкалаган. Мындан сырткары абадан сокку уруу боюнча тогуз операциянын жыйынтыгында беш террорчу өлтүрүлгөн.

Башкы штабдын маалыматында оппозициядагы Сириянын эркин армиясы аталган өлкөнүн түндүгүндөгү 980 чарчы чакырым жерге көзөмөл кылат.

Аталган операция август айында эле башталып, "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы багытталган. Сирия оппозициясы менен биргеликте чек арада жайгашкан Жараблус шаарын көзөмөлгө алган. Ал эми Сириядагы күрддөрдүн өкүлдөрү бул иш-аракеттер агрессиялуу маанайда болуп, биринчи кезекте аларга багытталаган деп билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0