БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Түндүк Кореядагы жогорку кызматтагылардын бири, Ким Чен Ындын үй-бүлөсүн дары-дармек менен камсыздаган аткаминер Японияга башпаанек издеп кайрылган.
Мындай маалыматты шаршемби күнү РИА Новости Киодо агенттигине таянып кабарлаган.
Түштүк Кореялык "Чунан ильбо" гезити түндүк Кореянын Саламаттык сактоо министрлигинин аткаминери аталган өлкөнүн атайын кызматтарынын аңдуусунан качып, Пекиндеги Япониянын элчилиги менен байланышканын жазды. Ал туугандары Күн чыгыш өлкөсүндө жашай турганын айтып, аны да аталган мамлекетке жөнөтүүнү өтүнгөн.
Жогорку кызматтагы дагы бир чиновниктин Япониядан баш паанек сураганы айтылып, бирок анын аты-жөнү ачыкталган жок.
Киодо агенттиги Пекиндеги Япониянын элчилиги мындай маалыматтарды четке кагып, эч ким кайрылбагандыгын билдирди.
Июль, августтагы дүйнөлүк басылмалар түндүк кореялык жогорку кызматтагы аткаминерлердин башка өлкөлөргө удаа-удаа өткөн бир нече учурларды жазган.